Эмгек министрлиги үй-бүлөлөр арасында сынак жарыялады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кара-Кыргыз Автономдук облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында үй-бүлөлөрдүн арасында «Кучак» сүрөт жана кыска метраждуу видео сынагын өткөрүүдө.
Бир айлык Акция Бишкек шаарынын мэриясы жана ЮНИСЕФ менен биргеликте ата-энелердин өз милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин жогорулатуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.
Акцияга катышуу үчүн 22-майга чейин социалдык тармактарда 1-2 үй-бүлөлүк сүрөт же кыскача үй-бүлөлүк бактылуу окуяны чагылдырган кыска видеолорду жарыялоо керек.
Жарыялоого #КУЧАК#, #Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат# #Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги хэштектери кошуу керек.
Эң креативдүү сүрөттөрү/видеолору бар же посттору социалдык медиада эң көп колдоого ээ болгон сынактын катышуучулары сыйланат.
Сынактын жыйынтыгы менен Энелер күнүнө жана Балдарды коргоо күнүнө карата майдын аягында Бишкек шаарында республикалык деңгээлдеги сүрөт көргөзмө өтөт.
Байланышуу телефондору: 0312 62-39-77, 0504504564



