Коом

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөлөргө акы төлөнөт

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөлөргө акы төлөнөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, азырынча жол акынын конкретүү эсептөөлөрү жок. Анткени аталган жол боюнча каттамдын ачылышына дагы 1,5-2 жылдай бар.

«Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу насыя каражаты жана өкмөттүн кепилдиги менен курулуп жатат. Келечекте жол акысы кандай механизм менен жүргүзүлөрү чечилет. Тарифтер социалдык багытта болот», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле тендердик процесстер өткөрүлөөрү жана тиешелүү келишимдер түзүлөрү айтылат.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун узндугу 433 километр, ал эми тоннелдин узундугу 3890 метрди түзөт. Мындан тышкары аталган жолдо эстакадалык көпүрөлөр бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button