Коом

УКМК: Контрабанда жолу менен бадыраңдарды ташыгандар кармалды — ФОТО

Контрабандага каршы иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы боюнча контрабанданын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 2022-жылдын 21-апрелинде Лейлек районунун Бешкент айылынын аймагында УКМК кызматкерлери автоунаанын ичинен  желим баштыктарга салынган «жаңы бадыраңдарды» алып бара жаткандарды  кармады.   Бадыраңдардын  жалпы салмагы 3500 кг, товардын баасы 525 000 сомду түзгөн жана аларды алып чыгууга товардык-транспорттук документтери жок болгон.

Баткен бажысынын маалыматы боюнча, аталган товарларга карата төлөнүүчү төлөмдөрдүн эсеби 305 025 сом , эки эселенген сумманы эске алуу менен 152 512 сомду түзүүдө.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин негизинде  кылмыш иши кылмыш иши козголгон. (Экономикалык контрабанда).

 Учурда тергөө амалдары жүрүп, юридикалык баа берилет, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button