Ал бүгүнкү чакырылыш мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн деп эсептейт.
“Урматтуу депутаттар, баарыңыздарды мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм. Бул эч кандай өзгөртүү эмес, оңдолуу. Менин дарегиме коомчулукта ар кандай сын-пикирлер айтылды, катуусу да, орунсузу да болду. Бирок мен эч кимисине жооп берген жокмун. Мына ушул (добуш берүү) татыктуу жооп болду деп ойлойм”, — деди Шакиев.
Желекти өзгөртүү долбоорун депутаттар бүгүн суроо-талкуусуз эле колдоп берди.



