Дарыгер Рахман Ажыкулов кызматка кирүү үчүн Алымкадыр Бейшеналиев 10 миң доллар сураганын айтты

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле башкармалыктын жетекчисинин үч орун басары маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.
Катышуучулардын бири Рахман Ажыкулов Алымкадыр Бейшеналиев ага кызмат убадакылганын билдирди. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы 10 миң доллар сураган.
Маалымат жыйындын катышуучусу укук коргоо органдарына арыз жазганын белгиледи.
«Акыркы 20 жылдан бери Казакстанда иштейм. Мен докторлук диссертациямды жактадым. Былтыр Бишкекке келдим, Саламаттыкты сактоо министрлигине барсам ушул жерде иштейли, тажрыйба бөлүш деп сунуштады. Ал Бишкекте жаңы кыргыз-түрк ооруканасы бар экенин, көптөн бери ачыла албай жатканын айтты. Анын ачылышына катыштым, ал жакта төрт ай иштедим. Андан кийин кадрдык ротация болду деп кетирди. Министр Кыргызстан Казакстан эмес, бул кызмат үчүн акча төлөш керек экенин айтты. Мен макул болуп акча бердим. Кеп акчада деле эмес, моралдык-психологиялык себептерден улам бул жерде иштегим келбейт», — деди Рахман Ажыкулов.



