Коом
Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытайга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына барды.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышып, иш-чаранын ачылыш аземинин алкагында сөз сүйлөйт.



