ЮНЕСКО биринчи жолу Көчмөндөр мурастарынын эл аралык күнүн белгиледи

ЮНЕСКО 22-сентябрда биринчи жолу Көчмөндөрдүн мурастарынын эл аралык күнүн белгиледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эл аралык күн дүйнө коомчулугунун көңүлүн көчмөн элдердин бай маданий мурасына, алардын адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымына бурууга, ошондой эле маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, салттуу билимдерди, каада-салттарды жана кол өнөрчүлүктү муундан муунга өткөрүп берүүнүн мааниси белгиленет.
Көчмөндөрдүн мурастарынын эл аралык күнүн жарыялоо демилгесин Кыргызстан көтөргөн. Демилге 2025-жылы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын алкагында сунушталып, бир катар мамлекеттер тарабынан колдоо тапкан.
22-сентябрь датасы күзгү күн-түн теңелүүсүнүн символдук маанисин эске алуу менен тандалган. Бул мезгил жаратылыштагы сезондук өзгөрүүлөр, жаңылануу жана адам менен жаратылыштын гармониялуу байланышы менен байланыштуу.
Министрликтин маалыматына караганда, демилгенин ЮНЕСКОнун алкагында илгерилетилиши Кыргызстан тарабынан көчмөн цивилизациялардын мурасын эл аралык деңгээлде таанытууга жана жайылтууга кошулган салым болуп саналат.
Бул багытта ЮНЕСКОнун колдоосу астында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн. Ошондой эле көчмөн маданиятынын элементтерин ЮНЕСКОнун тизмелерине киргизүү, көчмөн цивилизациясынын мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү иштери уланууда.



