Коом

Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накчалай акча алынбайт

Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда жол акыны накталай акча менен төлөөгө болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын март айынан тарта BPC AG швецариялык компания менен бирге борбор калаада “Тулпар” картасы иштөөдө. Эки жылдан бери жарандардын ыйгалуулугу үчүн электрондук төлөө системасы иштеп келген. Эми 1-июлдан баштап муниципалдык транспорттордо накталай акча алынбай, “Тулпар” картасы толук иштей баштайт.

Төлөмдү төмөнкү жолдор менен жүргүзүүгө болот:
— “Тулпар” картасы аркылуу;
— “VISA” менен “ЭлКарт” картасы аркылуу;
— NFC виртуалдык картасы аркылуу;
— Balance менен “Тулпар” тиркемесиндеги QR код аркылу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button