Камакта жаткан Марат Казакпаев комага түштү

Мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан саясатчы Марат Казакпаев инсульт болуп, комага түштү. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымат улактарына билдирди.
Адвокаттын айтымында, бүгүн эртең менен аны Тез жардам кызматы УКМКнын тергөө абагынан Фучик көчөсүндөгү №1 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирген.
«Дарыгерлер анын инсульт алганын, мээсине кан таамп кеткенин айтышты. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө», — деген ал.
Эске салсак, Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, саясатчы былтыр кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, «Полис Азия» аналитикалык борборунда адис болгон.



