Окуялар

Куткаруучулар Ошто колу эт туурагычка кыпчылган жаранды куткарышты

Ошто эт туурагычка колу кыпчылып калган Д.М. (2006-жылкы) аттуу жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык тууралуу билдирүү Ош облустук ооруканасынан ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.

Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар

Back to top button