Коом

Ысык-Көлдөн 10 эски тор чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Түп районунун Чоң-Өрүктү айылынын тушунан Ысык-Көлдөн 10 эски тор чыгарылды. Алардын жалпы узундугу болжол менен 1000 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү тазалоого багытталган комплекстүү иш-чаралар улантылууда. Браконьерликке каршы бирге күрөшүү, көлдү синтетикалык торлордон тазалоо боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Ошондой эле таштандылардан арылтуу максатында жыл сайын активдүү түрдө ишембиликтер өткөрүлүп келет.

Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого ар бир кыргызстандык салым кошуп, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турушу зарыл. Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети.

Тектеш кабарлар

Back to top button