«Ала -Тоо» аквапаркы: Тергөө менен кызматташууга даярбыз

«Ала — Тоо» аквапаркынын администрациясы жана жамааты 6-июнда бассейиндеги сууга түшүп жатып, кырсыктап каза болгон окуучунун ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Дүйнөдө ата-эне үчүн баласын жоготуудан өткөн азап жок, — деп билдирди аквапарктын администрациясы.
Бул кайгылуу окуядан бери биз дагы сиздер менен катар кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз тилинип турат. Андыктан кичинекей Атайдын ата-энесине сабыр тилеп, Жараткан наристени өз мээримине алып, бейиштин төрүнөн жай берсин деп дуба кылабыз.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Учурда бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иштери козголуп, соттук -медициналык экспертиза дайындалды. Видео көзөмөл камераларындагы маалыматтарды тергөөчүлөргө толугу менен өткөрүп бердик. Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана ИИМ тарабынан атайын комиссия өз ишин баштады.
Тилекке каршы, учурда социалдык тармактарда бул кырсыктын чын-төгүнүн билип- билбей жазган адамдар көбөйүп, коомчулукка туура эмес маалыматтарды тараткан жагдай жаралууда.
Өз кезегинде биз өзүбүздүн моюнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайбыз жана тергөө менен кызматташууга даяр экендигибизди белгилейбиз.
Дагы бир ирет Атайдын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга кайдыгер карабаган жарандардын тынсыздануунун туура кабыл алабыз, — деп билдиришти «Ала-Тоо» аквапарктын администрациясынан.



