Коом
«Киного тартылам» деп кетип дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Айара Султанова табылды

Чүй облусунда «киного тартылам» деп үйүнөн чыгып, дайынсыз болгон 15 жаштагы Айара Султанова табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБиден маалымдашты.
Дайынсыз жоголгон Айара Султанова 20-июнь күнү Бишкектеги жаңы конуштардын биринен табылган. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ал ата-энесине өткөрүлүп берилген.



