Коом

Москвада иштеген кыргызстандык таштандыдан тапкан акчаны полицияга өткөрүп берген

Медведководогу таштандыдан көчө шыпырып иштеген жаран 1 миң доллар жана 80 миң рубль таап, полицияга алып барып берген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Алардын айтымында, кыргызстандык Москва районундагы Заповедная көчөсүндө иштеп келген. Мектепте көчө шыпырып иштеген кыргыз жараны таштандыдан чүпүрөк баштык таап алган, анын биринде 10 даана 100 доллар, 5 миңдик рублдан 15 даана, 5 даана миң рубль жана дагы 50 рубль болгон.

Жаран алгач акчанын ээсин өзү табууга аракет кылып, кийин полицияга кайрылган. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button