Кудрет Тайчабаров үй камагына чыгарылды

«Бишкек» ЭЭАсынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Эске салсак, быйыл март айында Кудрет Тайчабаровго карата кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, материалдар борбор калаадагы Ленин райондук сотуна өткөрүлгөн.
Ал 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча айып тагылган.
Буга чейин, өткөн жылы Жогорку Кенешке шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга анын криминалдык чөйрө менен байланышы тууралуу маалыматтар себеп болгон.
ИИМдин ГУУР маалыматына ылайык, сурак учурунда Кудрет Тайчабаров 2021-жылы тартылган сүрөттө өзү маркум уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөнүн тастыктаган.
2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин ал «Бишкек» ЭЭАсын жетектеген. Ал эми 2024-жылдын март айында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси болуп дайындалган.



