Коом
Быйыл Ош облусунда аз камсыз болгон 2612 үй бүлө менен “социалдык келишим” түзүлүп, ар бирине 100 миң сомдон берилди

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев социалдык баракчасына жазды.
Анын айтымында, облуста өткөн жылы мындай келишим 350 үй бүлө менен түзүлгөн.
Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда. Үй-бүлөлөргө каражат мамлекеттен чакан бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз түрдө берилет. Бирок социалдык келишим түзүлгөндөн кийин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жакынкы 3 жылда жөлөк пул ала албайт.



