Саясат
Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү жогорку трибунадан ант беришти.
Мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;
— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатын министри Алтынбек Максутов.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралат.



