Коом
Жарандык активист Мелис Аспековдун жаза мөөнөтү кыскартылды

Бишкек шаардык активист Мелис Аспековго карата өкүмдү өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок соттун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага карата өкүм чыгарылган эмес. Активист 6 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.
Мелис Аспеков мурда алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.



