Коом
УКМК: Өзгөндө милициянын тергөөчүсү 150 миң сом пара талап кылганы үчүн кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткан жеринен Өзгөн РИИБдин тергөөчүсүн кармады.

Өзгөн РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты К.Б.А. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган.

2025-жылдын 14-сентябрында 50 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.



