Коом

Бишкекте үч жигит тоноого шектелип кармалды

Бишкекте үч жигит тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-майда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 29-апрелде белгисиз үч адам ага күч колдонуп, 50 миң сомдук iPhone 11 телефонун жана 12 миң сом акчасын тартып алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Д.Д., 25 жаштагы Ф.А. жана 29 жаштагы Ч.Д. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button