Коом

Саламатсыңар, hello, merhaba: Ысык-Көлдүн туристтик милициясы меймандарын кандай тосуп алууда — ВИДЕО

Ысык-Көл көлүнө, Алтын-Арашан, Жууку, Жети-Өгүз капчыгайларына, Каркыра, Көк-Жайык жайлооруна, ошондой эле облустун башка маданий жана тарыхый жайларына жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтер көп келүүдө. Бул өзгөчө жай мезгилинде байкалат.

Туристтик жайларда коомдук тартипти сактоодо жана чет элдик меймандарга жардам көрсөтүү максатында, бүгүнкү күндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору 24 саат бою кызмат өтөп келишүүдө. Кийип жүргөн атайын формасы, аларды башка милиция кызматкерлеринен айырмалоого жардам берет. Негизинен аталган кызматтын кызматкерлери, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин туристтик аймактарда жана тоолуу каттамдарда аткарышат. Милдеттүү критерий — чет тилдерин жана Кыргызстандын тарыхын билүү болуп саналат.

Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери аймактагы туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу же жардам берүү менен чектелбестен, маалыматтык жактан да колдоо көрсөтүшөт. Алар жөө жана транспорт менен каалаган пунктка ыңгайлуу жолду табууга жардам берет, аймактын кооз жерлери жөнүндө маалыматтарды айтып беришет, ошондой эле кеңештерин берип, керек болсо туристтер менен баарлашууга да даяр болушат. Аймак тууралуу кеңири маалыматка ээ болуу, туристтик-экологиялык милицияны башка кызматтардан айырмалап турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button