Саясат
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен тоодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. ФОТО

Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы расмий баракчасына кичи мекенинде түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.
“Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык”, — деп жазган мамлекет башчысы.


Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.
Кечээ ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Facebook`тагы баракчасында Садыр Жапаров менен Каркыра жайлоосунда эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшкөн.


Эскерте кетсек, кечээ, 23-июлда президент Садыр Жапаров Каркыра жайлоосунда өткөн Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышкан.



