Коом

Ош шаарында күн панелдери менен жабдылган 528 орундуу заманбап мектеп курулуп бүттү

Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасында 528 орундуу заманбап мектептин курулушу толук аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды.

Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда бардык курулуш иштери толук бүткөрүлдү.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат үч кабаттан жана беш блоктон турат. Анда предметтик окуу кабинеттер, лаборатория, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана бардык зарыл шарттары түзүлгөн спорт зал каралган.

Ошондой эле имаратты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуулугу 662,6 кВт/с болгон күн панелдери орнотулду. Бул электр энергиясын үнөмдөөгө жана имаратты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Жакынкы күндөрү мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button