Депутат Кара-Балтада жаңы оорукана салып, төө буурчак алуучу пункт ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында Чолпон Эсенаманова Кара-Балта шаарында заманбап көп тармактуу оорукана курууну, Жайыл районунда төө буурчак кабыл алуучу мамлекеттик пункттарды ачууну сунуштады.
Анын маалыматы боюнча, Кара-Балтадагы Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасынын имараттарынын көбү эскирип, айрымдары авариялык абалга келген. Оорукана 320 орунга ылайыкталып долбоорлонгон, бирок азыр 110 орун гана иштеп, төрт бөлүм кызмат көрсөтүүдө. Аймактагы 25 имараттын көпчүлүгү өз багыты боюнча колдонулбайт, айрымдары жараксыз абалда. Оорукана Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Москва райондорунун тургундарын тейлейт.
Ал жаңы ооруканaнын курулушун республикалык бюджеттен каржылоону, ошондой эле ооруканага компьютердик томография аппаратын жана аялдардын ден соолугун текшерүү үчүн УЗИ аппаратын алып берүүнү сунуштады.
Депутат Сары-Булак, Сосновка, Кызыл-Дыйкан, Бөксө-Жол, Бекитай жана Кепер-Арык айылдарында 1 миң гектар жерге төө буурчак эгилип, учурда түшүм жыйналып жатканын айтып, дыйкандар түшүмүн тийиштүү баада сата албай жатканын маалымдады.
Талас облусунда төө буурчак 100 сомдон кабыл алынып жаткандыгын белгилеп, Жайыл районунда да мамлекеттик колдоо аркылуу кабыл алуу пункттарын уюштурууну сунуштады.



