Коом

БШК: Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 700 миллион сом бөлүндү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө керектелчү чыгымдардын сметасын бекитти.

Жалпы чыгым 700 миллион сомду түзөрү белгилүү болду. Бул каражат бир нече багыттарга бөлүнөт:

-382 млн 757 миң сом — шайлоо процессин уюштурууга: сатып алуулар, шайлоо участкаларын техникалык жабдуу, маалыматтык материалдар, окутуулар, иш сапарлар жана комиссия мүчөлөрүнө сый акы төлөө;

-259 млн 243 миң сом — округдук шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө: техникалык операторлорго жана мүчөлөрүнө сый акы, жол чыгымдары жана транспорт;

-58 млн сом — чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүү укугун камсыздоого, Тышкы иштер министрлигинин сунушуна ылайык.

БШКнын маалыматы боюнча, каражаттар шайлоонун ачык-айкын, уюшкан түрдө жана техникалык жактан камсыздалган шартта өтүшүнө багытталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button