Олимпиада байгечилерине 2027-жылдан тарта өмүр бою ай сайын мамлекеттик төлөм чектелет

Кыргызстандын олимпиадалык жана дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жараткан спортчулары 2027-жылдын 1-январынан тарта өмүр бою берилүүчү айлык төлөмдөр менен камсыздалат. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы регламентке ылайык, чегерилүүчү каражаттын өлчөмү спортчунун багындырган титулуна жана медалынын калыптуулугуна жараша төмөнкүдөй бекитилди:
30 миң сом — Олимпиада, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарынын алтын медаль ээлерине;
25 миң сом — ошол эле мелдештердин күмүш байгечилерине;
20 миң сом — коло медаль ээлерине, ошондой эле олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон спортчуларга.
Мамлекеттик колдоо убактылуу спорттук стипендиянын белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин күчүнө кирет. Документте спортчу бир нече жеңишке ээ болгон учурда төлөмдөр кошулуп эсептелбей турганы өзүнчө белгиленген — стипендия эң жогорку сумма каралган бир гана титул боюнча чегерилет.
Эске салсак, Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын курама командасы Олимпиада оюндарында жалпы 13 медаль багындырган. Алардын 5өө күмүш, ал эми 8и коло байге. Муну менен катар, учурда Олимпиадада 4-жана 5-орунду ээлеген спортчуларга да спорттук стипендия чектөө сунушу талкууланууда.



