Коом

Президенттин маалымат катчысы Алагөзов: атымды жамынып жазгандарга ишенбегиле

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов анын атынан мэрлерге жана башка жетекчилерге телефон чалган алдамчы, шылуундар чыкканын айтты.

«Урматтуу жетекчилер! Менин атымдан акимдерге, мэрлерге жана башка жетекчилерге телефон чалып жана WhatsApp аркылуу жазып, ар кандай маселелерди чечип берүүнү убада кылып, акча талап кылып жатышыптыр. Эскерте кетейин: мен кадрдык дайындоолорго, кызматтык жана чарбалык маселелерге кийлигишпейм», — деп билдирди ал.

Эч кимге кызмат убада кылбастыгын, акча талап кылбастыгын баса белгиледи.

«Тигини кызматка коем, муну башка жакка котором» деген сыяктуу убадаларды бербейм жана эч кимден акча сурабайм. Менин атымдан чалган мындай адамдарга ишенбеңиздер! Бул – алдамчылардын жана шылуундардын аракети. Сак болуңуздар!», — деген ал.

Ал маалыматты укук коргоо органдары иликтеп жаткандыгын кошумчалаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button