Коом

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаандан сел жүрүшү мүмкүн

29-31-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Билдирмеге караганда, дем алыш күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаашы күтүлүүдө. Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал.

«Ысык-Көл облусунун дарыяларына жакын жайгашкан аймактардын жээктерин, жайылма участокторду суу капташы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ордо калаада 30-31-июлда өткүн өтүшү ыктымал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button