Коом

Чүй районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд өттү — ФОТО

Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-июлдан 26-июлга чейин  “Арсенал” аталышындагы ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулду.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктап алуу максатында өткөрүлгөн. Андан сырткары, мергенчилик ок атуучу куралдары, травматикалык куралдары, ошондой эле сыйлама курак-жарактары бар жарандардын курал-жарак сактаган жайлары  жеринде текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button