
Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүнүн 1,5 чакырым жолуна асфальт төшөп бергенине интернет айдыңында айрымдар ар кандай пикирлерин жазууда. Кээ бирлер каржы маселеси кантип чечилди,мамлекеттин акчасы жумшалган жокпу деген пикирлерин билдирүүдө.
Белгилей кетчү жагдай, каражат жеке каржы булагынан жумшалган. Ал буга чейин эле көптөгөн социалдык маселелерди чечип, элге жардам берип жүргөнүн көпчүлүк билет. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Шайлообек Атазовго микрофон сунуп, анын пикирин уктук.
Шайлообек Атазов: — Ташиев бийликке келгенге чейин элге өз каражатынан жардам берип жүргөн. Анын туугандарынын жана өзүнүн жеке бизнестери бар экенин көпчүлүк билет. Жалал-Абадга спорт мектептерди, көп балалуу жалгыз бой энелерге үй салып берди, Барпы айыл өкмөтүнүн жолдорунун 90 пайызын жасап бергенин жалпы эл билет болуш керек. Негедир акыркы убакта жакшылыктан да негатив издеп калдык. Каражаты болсо чет өлкөдөн үй алып, чет элдик банктарга акчасын катпай кыргыз эли үчүн пайдалуу жумуш жасап бергендин эмнеси жаман. Эл үчүн жасалган мектеп, жол жана башкаларын Ташиев өзү менен кошо көтөрүп кетпейт да. Түбөлүккө эл менен калат, мунун эмнеси жаман? Тескерисинче, башка чиновниктер да мамлекетти карап отура бербей, ушул сыяктуу элге пайдалуу жумуштарды жасап көпчүлүкө түрткү болгону жакшы.



