Коом

Майлуу-Суу лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүүдө

Майлуу-Суу электр лампа заводунун базасында жаңы индустриалдык парк негизделип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бексултан Токонов 10-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде маалымдады.


​Анын айтымында, буга чейин аталган завод стратегиялык объекттердин тизмесине киргендиктен, потенциалдуу инвесторлордун кызыгуусун чектеп келген. Кийинчерээк Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечими менен ишкана бул тизмеден чыгарылган.
​«Бүгүнкү күндө биз ал жерде индустриалдык парк түздүк. Бул инвесторлорго жол ачтык дегенди билдирет. Азыр Кытайдан, Европадан, Германиядан жана Австриядан потенциалдуу инвесторлор келип жатышат. Кеп өндүрүштү уюштуруу тууралуу болуп жатат», — деди Токонов.
​Ошондой эле агенттиктин жетекчиси мамлекет дагы ишкананы өнүктүрүүгө салым кошуп, өз үлүшүн көбөйткөнүн кошумчалады.


​Маалымат үчүн:
​Майлуу-Суу электр лампа заводунун курулушу 1964-жылдын декабрында башталган. Ишкананын башкы корпусу 1966-жылы пайдаланууга берилип, ал эми долбоордук кубаттуулугуна — жылына 302 млн электр лампасын чыгарууга — завод 1970-жылы жеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button