Окуялар
Бишкектеги № 86 мектепте өспүрүмдөр мушташты

Социалдык тармактарда Калыс-Ордо конушундагы № 86 мектептин аймагында өспүрүмдөрдүн мушташканы тартылган видео тарады.

10-ноябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жерине Бишкек ШИИББдин жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги барды.

Мектептин окуучулары жана администрациясы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, алар милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.



