Спорт

Көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпардын эрежесин бириктирүү сүйлөшүлүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпардын эрежелерин бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. 

«Азырынча бардык маалыматты ачык айта албайм, анткени сүйлөшүүлөр дагы эле жүрүп жатат. Кыргыз жана казак улакчыларынын арасында ашыкча талкуу жараткым келбейт. Жыйынтык чыкканда сөзсүз билдиребиз», — деди министр Бишкектеги маалымат жыйында.

Белгилей кетсек, көчмөндөр оюндары 31-августан 6- сентябрга чейин Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button