Коом
Кыргызстанда Борбордук Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда

Чет элдик компаниянын өкүлдөрү бүгүн Садыр Жапаровду “Үч чоку” долбоору менен тааныштырды.
Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.
Келечекте ал жерде 4,8 миң жумушчу орун түзүлөрү айтылды. Курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат.

Биринчи этапта 60 чакырым лыжа трассасы жана 6 асма жол курулат. Буга 165 млн евро инвестиция талап кылынып, курулуш иштери 2026-жылда аяктай турганы айтылды.



