Спорт

Кыргызстандык дзюдочу Мухаммедали Ырысдөлөтов Ташкенттеги мелдеште коло медаль алды

Кыргызстандык спортчу Мухаммедали Ырысдөлөтов Өзбекстандагы эл аралык дзюдо мелдешинде коло медаль багындырды.

«Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026» мелдеши Ташкентте 24-25-ноябрда өттү.

Ырысдөлөтов 90 кг чейинки салмак категориясында чыкты, анда жалпы 16 спортчу катталган.

Ал мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда өзбекстандык Довудназар Мурадовду жеңип, бирок чейрек финалда орусиялык Арсений Ширкановго жеңилди.

Кыргызстандык спортчу күрөштү жубатуучу мелдеште улантып, алгач канадалык спортчу Эмельян Соколовду, андан кийин грузиялык Мате Тамазашвилини утту.

Жыйынтыктоочу протоколдо Ырысдөлөтов 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button