Спорт

Кыргызстанда футзал боюнча Азия кубогу өтөт

Кыргызстан футзал боюнча 2028-жылдагы Азия кубогун өткөрүү укугун алды, деп билдирет Кыргыз футбол биримдиги.

Тиешелүү чечим 27-ноябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Футзал боюнча комитетинин Пхукет шаарындагы (Таиланд) жыйынында кабыл алынган.

Азия кубогунун финалдык баскычы 2028-жылдын 24-январынан 6-февралына чейин өтөт. Буга чейин Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо баскычтарын бир нече жолу кабыл алган.

Кыргызстандын курама командасы турнирдин ээси катары финалдык раундга түз чыгат.

Тектеш кабарлар

Back to top button