Окуялар

№27 абактагы жоокердин өлүмү: Окуя боюнча жаңы жагдайлар айтылды

Кыйноолорду алдын алуу борбору Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27 абакта кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмүнө байланыштуу маалымат таратты. Бул абактан 29-июлда эртең менен катардагы жоокердин (А.К.) жансыз денеси табылган.

Борбордун кызматкерлери ошол күнү абакта тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн. 2- батальондун жетекчиси Нуркасым тегин Эрик жана анын кесиптештери билдирген маалымат боюнча, маркум аскерге 2022-жылдын мартында чакырылган.

Окуя болгон күнү саат 06:00дө абактын аймагына күзөткө чыгып, 2 сааттан кийин ок атылганы угулган. Сөөктү өлүк сактоочу жайга Аламүдүн РИИБдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жеткирген.

Абакта кызмат өтөгөн кызматкерлердин айтмында, маркумга жана жоокерлерге психологиялык басым же коркутуу болгон эмес. Кызмат өтөөдөгү шарттарга да нааразычылык айтылган эмес.

Алардын маалыматы боюнча, маркум жоокер шайыр, эч ким менен чатакташпаган, достук мамиле түзө алган адам болчу. Ал эми борбордун директорунун орун басары Динара Саякова, жоокердин өлүмүнө байланышкан иш көзөмөлдө турганын жана ага байланыштуу бардык учурлар деталдуу түрдө карала турганын айтты.

Эске салсак, №27 түзөтүү абагында кокустук болду, деп билдирген Жаза аткаруу кызматы. 29-июлда саат 09:30 чамасында катардагы жоокер А.К.С. куралдан ок чыгарган. Андан жаракат алган жоокер ошол жерде каза тапкан.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button