Коом

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

Кызматтан убактылуу алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты. Маалыматты  Ысык-Көл облустук сотунан ырасташты.

Маалыматка ылайык, чечим күн мурун кабыл алынган.

«Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, Мээрим Тилекова 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button