Коом

Кыргызстанда пенсияга 2 000 сом кошулушу күтүлүүдө

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсияга 2 000 сом кошулушу күтүлүүдө. Тиешелүү токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Соцфонддун алдын ала эсептөөсү боюнча, 2022-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түзөт. Мекеме 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгүн дээрлик эки эсеге, камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга көбөйтүүнү сунуштап жатат.

«Алдыда боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомго жетет. Бул жогорулатууга чейинки пенсиянын өлчөмүнөн 133 пайызга көп. Башкача айтканда, пенсияга 2 000 сом кошулат», — деп жазылат токтом долбоордо.

Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү  50 пайызга чейин көбөйтүлөрүн билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button