Окуялар

Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды(ФОТО)

2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге  Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А кызы С.  2020-жылдын 17-июль күнү саат 14.30 чамасында, Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө киришип, 150.000 сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу А кызы С. арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бер. 2-бөл. 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалган.

2020-жылдын 31-июль  күнү   тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А.  Кара-Суу районунун Шарк а/а жайгашкан турак үйүнүн короосундагы  жыйналып турган кыштардын арасынан  8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ  сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button