Жалал-Абаддагы №52 абактын кызматкерлери татыктуу сыйлыктарды алышты

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Токтогул району боюнча No52- жатак абагынын администрациясынын жетишкен ийгиликтери тууралуу маалымат мурда да жарыяланган эле.
Айрыкча өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүп, соттолгондорду эмгек терапиясына киргизүү менен демилгелүү долбоорлордун аркасында ал жерде пескоблок жана кирпич, терезе жана эшиктер чыгарылып, тоо балы өндүрүлүп, форель балыгы өстүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүндө эмгек сиңирген жамаатынын өзгөчөлөнгөн мүчөлөрү медалдар, “Ардак грамоталар” менен сыйланышып, ыраазычылыктар жарыяланды.


Активисттерди куттуктоо үчүн Токтогул районунун акиминин орун басары Нурболот Кожобергенов, Токтогул шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да келишти.



