Коом
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу ачылды

Селден улам жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу ачылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Жумгалдын Чаек айылында сел жүргөн.
Анын кесепетинен жолду жабууга туура келген. №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техника тартылып, абал көзөмөлдө экени айтылган болчу.Трасса бүгүн таңкы саат 05:00дө тазаланып, эки тараптуу ачылган.



