Спорт

Байге 1 млн рубль. Бишкекте шахмат боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Маданияттар диалогу: чек арасыз шахмат» аттуу эл аралык турнир өтүп жатат.

Ага Россия, Казакстан жана Өзбекстандан экиден жана Кыргызстандан төрт команда катышууда. Мелдештин байге фонду — 1 миллион рубль.

«Бул турнир быйыл алгачкы ирет өтүп жатат. Мындан ары жыл сайын уюштурулат деп ишенем. Мелдеш өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, шахматты жайылтууга жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди иш-чаранын уюштуруучусу Талант Мамытов.

Турнир Россиянын «Маданияттар диалогу» уюму жана Кыргыз шахмат союзунун колдоосу менен өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button