Бишкекте аял таксиде төрөдү

Бишкекте аял №4 шаардык перинаталдык борборго бара жаткан жолдо таксиде төрөгөн. Бул тууралуу маалыматты борбор калаадагы Медициналык тез жардам борборунан тастыкташты.
Дарыгерлердин айтымында, окуя кечээ , 15-августта саат 10.16да болгон.
«Келин төрөт үйүнө такси менен бармакчы болгон. Бирок анын толгоосу башталып «Вефа» соода борборунун жанында унаадан көз жарган. Окуя болгон жерге реанимация тобу жөнөтүлүп, алар убагында барышкан. Эне менен бала төрөт үйүнө жеткирилген. 22 жаштагы аялдын бул экинчи төрөтү экен. Ага чейин кош бойлуулук эч кандай кыйынчылыксыз өткөн. Аял кош бойлуу кезинде каттоого алынып, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган. Таксиде төрөлгөн бөбөк дени сак болуп, ымыркай дароо эле ыйлап түшкөн. Аны текшерүү учурунда абалы канааттандырарлык болгонун айтышты дарыгерлер, — деп айтылат маалыматта.



