Коом
УКМК: Баасы 18 млн долларга барабар «Ош-Нуру» мейманканасы мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош шаарында жайгашкан, болжолдуу баасы 18 млн.АКШ долларынан ашуун, 0,8 Га жер тилкеси бар «Ош-Нуру» мейманкана комплекси өткөрүлүп берилди.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.




