Спорт

Кыргызстандын футболчулары кайрадан Россиянын курамасы менен оюн өткөрөт

2023-жылы Москвада Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков билдирди.

Сыдыков эки кураманын жооптук беттешин өткөрүү боюнча оозеки макулдашуу бар экендигин айтты.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футболчулары Россиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

«Ак шумкарлар» атаандашына 1:2 эсебинде утулуп калды. Голдорду Кыргызстандын курамасынын оюнчусу А.Шүкүров, Россиянын командасынан А.Соболев жана Д.Уткин киргизди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button