Коом
Алжирдеги «Десанттык взвод» мелдешине Кыргызстандын аскерлери катышууда

«АРМИ-2022» оюндарынын алкагында Алжирде «Десанттык взвод» мелдеши өтүп, ага Кыргызстандын курама командасы да катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мелдеш төрт этаптан турат, Кыргызстан 1-дивизиондо беттешет.
«Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязань гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында билим алган кыргыз курсанттары бар», — деп айтылат маалыматта.
Мелдешке жалпысынан 18 республика катышмакчы. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Буркина-Фасо, Россия, Вьетнам, Индия, Конго, Мали, Никарагуа, Судан, Тажикстан, Сирия жана Араб республикалары менен күч сынашары маалым болду.
14-августта башталган мелдеш 26-августка чейин уланат.



