Коом

УКМК: Курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүрткөндөргө кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет

Көп сандаган курал-жарактарды, анын ичинде ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алып, сактап жүргөн бизнес өкүлдөрүнүн бири кармалганына байланыштуу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын жарандарынын көңүлүн төмөндөгүлөргө буруу зарыл деп эсептейт.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

Ошол эле учурда кылмыш-жаза мыйзамы аларда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

УКМК улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жагдайлардын бири катары иштин бул жагына өзгөчө көңүл бурат жана ошондуктан жарандарды мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырат, болбосо күнөөлүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button