
Жаратылыш коюнунда жүргөн президент Садыр Жапаров таштандыларды чогултуп жаткан видеосун чыгарды.
Өлкө башчы Кыргызстандын жаратылышы ажайып кооз экенин айтып, эс алгандан кийин таштандыларды ыргытпай, аяр мамиле жасоого чакырды.
«Анча-мынча сабатсыз адамдар ушинтип таштандыны таштап кеткенин көрүп калсаңыздар, сабаттуу адамдар терип, жыйнап, татынакай кылып машинанын артына салып койсо… таштанды челекке жеткенде ыргытып коесуңар. Андан колуңарга эч нерсе жугуп калбайт», — деди өлкө башчы.



