Коом

“Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору боюнча 1 244,8 млн сом бөлүндү

Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору (мындан ары — Долбоор) бекитилди. Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө.

2024-жылдын 18-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 3 024 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 244,8 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде: — “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 130,4 млн. сом суммасында 2 668 субъектти түзөт; — “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 114,4 млн. сом суммасында 356 субъектти түзөт.

2024 – жылдын 18 – апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат. (млн сом)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button